# 10-статья. Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүктү уюштуруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1280)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июлундагы N 154 "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/112570)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280#diff=1246112..1246113>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1226/edition/1246112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1280/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө, 10-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-10

---

Тармактык деңгээлдеги социалдык өнөктөштүк социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча тармактык комиссиялар тарабынан жүзөгө ашырылат. Республикалык да, аймактык да деңгээлдердеги тармактык комиссия консультациялар, сүйлөшүүлөр өткөрүү, тармактык макулдашуулардын долбоорлорун жана алардын корутундуларын даярдоо жолу менен социалдык өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын ылайыкташтырууну камсыз кылуу боюнча орган болуп саналат. Мамлекеттик тийиштүү аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик бирликтер жана иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү кирген тармактык комиссиянын курамы тараптар тарабынан аныкталат. Тармактык комиссиялардын иши комиссиялар тарабынан бекитилген бул комиссиялар жөнүндө жоболор менен жөнгө салынат. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-11)
