# 1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1280)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 25-июлундагы N 154 "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 25.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2025 [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009); 17.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/112570)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280#diff=1246113..25308>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1226/edition/1246112/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1280/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө, 1-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-1

---

Социалдык өнөктөштүк актылары - социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу жамааттык келишимдер жана макулдашуулар. (Экинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Үчүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Уюм - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, менчигинин түрүнө карабастан ар кандай юридикалык жак. (Бешинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү - ушул Мыйзамга жана эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктө жана жамааттык сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөрдүн атынан чыгууга ыйгарым укуктуу иш берүүчүлөр жана иш берүүчүлөрдүн бирикмеси. Кызматкерлердин өкүлдөрү - кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин, алардын уставдарына ылайык өкүлү катары чыгууга ыйгарым укук берилген органдар, ошондой эле кызматкерлер ыйгарым укук берген башка адамдар жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн уюмдар. Кесиптик бирликтин мүчөсү болбогон кызматкерлер кесиптик бирликтерине өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөөчүлөр катары өкүлдүккө ыйгарым укук бериши мүмкүн. Иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн же каржыланган органдардын, мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын көздөөчү өкүлдөрү болушуна жол берилбейт. Социалдык өнөктөштүк тутуму - социалдык-эмгектик мамилелер жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүү чөйрөсүндөгү уюштуруучулук, укуктук, экономикалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; социалдык өнөктөштөр тарабынан түзүлүүчү органдар жана ошол органдардын өз ара аракеттенүү жана иштөө тартиби. Социалдык өнөктөштүк - макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты, эмгек мамилелер жаатындагы саясатты аныктоодо жана турмушка ашырууда мамлекеттик бийлик органдары, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен кесиптик бирликтердин өз ара аракети, ошондой эле мамлекет тараптардын өз ара аракетинин чектерин айкындай турган иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтер ортосундагы эки тараптуу мамилелери. Социалдык өнөктөштүктүн тараптары - кызматкерлер (алардын өкүлдөрү), иш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү), Кыргыз Республикасынын бардык түзүмдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдары (үч жактуулук принциптеринде - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - кесиптик бирликтер - иш берүүчүлөр, айыл өкмөтүнөн баштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чейин, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык органдардын бардык түзүмдөрүндө). Республикалык деңгээлдеги социалдык диалог Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында жүзөгө ашырылат. Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси– кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1280/st-2)
