1-статья. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 23.01.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2025 года № 24
Социалдык өнөктөштүк актылары - социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуучу жамааттык келишимдер жана макулдашуулар. (Экинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Үчүнчү бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Уюм - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, менчигинин түрүнө карабастан ар кандай юридикалык жак. (Бешинчи бөлүк КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Иш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү - ушул Мыйзамга жана эмгек мыйзамдарына ылайык социалдык өнөктөштүктө жана жамааттык сүйлөшүүлөрдө иш берүүчүлөрдүн атынан чыгууга ыйгарым укуктуу иш берүүчүлөр жана иш берүүчүлөрдүн бирикмеси. Кызматкерлердин өкүлдөрү - кесиптик бирликтердин, алардын бирикмелеринин, алардын уставдарына ылайык өкүлү катары чыгууга ыйгарым укук берилген органдар, ошондой эле кызматкерлер ыйгарым укук берген башка адамдар жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлгөн уюмдар. Кесиптик бирликтин мүчөсү болбогон кызматкерлер кесиптик бирликтерине өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөөчүлөр катары өкүлдүккө ыйгарым укук бериши мүмкүн. Иш берүүчүлөр тарабынан түзүлгөн же каржыланган органдардын, мамлекеттик аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясий партиялардын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын көздөөчү өкүлдөрү болушуна жол берилбейт. Социалдык өнөктөштүк тутуму - социалдык-эмгектик мамилелер жана социалдык-эмгектик чыр-чатактарды чечүү чөйрөсүндөгү уюштуруучулук, укуктук, экономикалык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы; социалдык өнөктөштөр тарабынан түзүлүүчү органдар жана ошол органдардын өз ара аракеттенүү жана иштөө тартиби. Социалдык өнөктөштүк - макулдашылган социалдык-экономикалык саясатты, эмгек мамилелер жаатындагы саясатты аныктоодо жана турмушка ашырууда мамлекеттик бийлик органдары, иш берүүчүлөрдүн бирикмелери менен кесиптик бирликтердин өз ара аракети, ошондой эле мамлекет тараптардын өз ара аракетинин чектерин айкындай турган иш берүүчүлөр менен кесиптик бирликтер ортосундагы эки тараптуу мамилелери. Социалдык өнөктөштүктүн тараптары - кызматкерлер (алардын өкүлдөрү), иш берүүчүлөр (алардын өкүлдөрү), Кыргыз Республикасынын бардык түзүмдөрүнүн мамлекеттик бийлик органдары (үч жактуулук принциптеринде - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - кесиптик бирликтер - иш берүүчүлөр, айыл өкмөтүнөн баштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине чейин, менчигинин түрүнө карабастан чарбалык органдардын бардык түзүмдөрүндө). Республикалык деңгээлдеги социалдык диалог Социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу боюнча республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында жүзөгө ашырылат. Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси– кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм. (КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 60 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О социальном партнерстве в области трудовых отношений в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
23.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…республикалык үч тараптуу комиссиянын алкагында жүзөгө ашырылат.
кошулду: Иш берүүчүлөрдүн бирикмеси– кесиптик бирликтер, кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органдары, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерде өз мүчөлөрүнүн кызыкчылыктарын билдирүү жана укуктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдү ыктыярдуу негизде бириктирген коммерциялык эмес уюм.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № алынып салынды: 60 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 60, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)алынып салынды: "2-статья. Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн укуктук негиздери
Эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүктүн (мындан ары - социалдык өнөктөштүк) укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, "Кесиптик бирликтер жөнүндө", "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө", "Иш берүүчүлөрдүн бирикмелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ушул Мыйзам жана социалдык өнөктөштүктүн тараптарынын жана алардын өкүлдөрүнүн абалын эл аралык ченемдерге салыштырмалуу начарлата албаган башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башкы макулдашуу. тармактык жана аймактык макулдашуулар, жамааттык келишимдер түзөт.
(КР 2023-жылдын 17-мартындагы № 60 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 24.01.2025
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1280/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелер жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>