# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 587 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 587 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 587
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12793>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2564/edition/918164/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12793.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 587 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө" токтому (18.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12793

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-декабры № 587 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:

- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде сарптала тургандыгы белгиленсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө жобонун 8-пунктунун үчүнчү-алтынчы абзацтарын жана 9-пунктунун жетинчи-тогузунчу абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 24-декабрындагы N 105 жарыяланды

Премьер-министри

М.Абылгазиев
