Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-декабры № 587 Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги үч айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Ушул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине тийиштүү жылдарга каралган каражаттардын чегинде сарптала тургандыгы белгиленсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жөнүндө жобонун 8-пунктунун үчүнчү-алтынчы абзацтарын жана 9-пунктунун жетинчи-тогузунчу абзацтарын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 24-декабрындагы N 105 жарыяланды
Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 587 токтомуна "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү…Положение · 18.12.2018 · № 587
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралы № 72 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду…Постановление · 11.02.2022 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-апрелиндеги № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз…Постановление · 02.04.2026 · № 218
- Постановление Правительства КР от 03 марта 2021 года № 69 "О внесении изменений в постановление Правительства Кыргызской Республики "О создании Службы по борьбе с незаконным…Постановление · 03.03.2021 · № 69
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.07.2016 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон