# 9-берене. Сот актыларынын милдеттүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111198..1111199>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 9-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-9

---

1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары, ошондой эле соттордун мыйзамдуу тескемелери, талаптары, тапшырмалары, чакырыктары жана башка кайрылуулары, алаланбастан бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жарандардын бирикмелери жана башка уюмдар, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында сөзсүз аткарылууга жатат.

2. Сот актысын аткарбай коюу, талаптагыдай эмес аткаруу же сот актыларын аткарууга тоскоолдук кылуу, ошондой эле соттордун ишине кийлигишүү мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке кириптер кылат.

3. Башка мамлекеттердин, эл аралык соттордун жана арбитраждардын сот актылары Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык аткарылышы керек.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-10)
