# 6-берене. Соттордун ишиндеги айкындык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111199..1111200>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 6-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-6

---

1. Бардык соттордо иштерди териштирүү ачык каралат. Иштерди жабык жыйналышта угууга мыйзамда белгиленген учурларда гана жол берилет.

2. Сот өндүрүшүнүн айкындыгы жана соттордун иши жөнүндө маалыматтарга жетүү укугун ишке ашыруу мамлекет тарабынан камсыз кылынат.

3. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн иш боюнча маалыматтарды алуу максатында ачык соттук жыйналышка катышуусу маалыматты издөөнүн жана алуунун мыйзамдуу ыкмасы болуп саналат.

4. Соттук териштирүүнүн жүрүшүн үн жазуу каражаттарынын жардамы менен жазууга, кино- жана фотосүрөт тартууга, видеожазууга, түз радио- жана телеберүүгө процесстик мыйзамда каралган тартипте жол берилет.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-7)
