# 39-берене. Жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.12.2016 [Закон КР от 23 декабря 2016 года № 217 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111498); 13.06.2011 [Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203283); 23.06.2008 [Закон КР от 23 июня 2008 года № 134 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202345); 07.05.2007 [Закон КР от 7 мая 2007 года №69 «О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах»](https://aqlex.ai/kg/doc/202102)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111202..1111203>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 39-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-39

---

1. Жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу материалдык-техникалык жана башка жагынан камсыз кылууну ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат.

Ыйгарым укуктуу органды уюштуруу жана анын иши Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилүүчү жободо аныкталат.

2. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу, сот тажрыйбасын жалпылоо, сот статистикасын жүргүзүү жана башка иштерди аткаруу боюнча жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуу максатында жергиликтүү соттордо сот аппараттары иштейт. Тейлөөчү персоналды кошпогондо, жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлери мамлекеттик кызматта болушат.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун аппаратынын мамлекеттик кызматчылары тийиштүү жергиликтүү соттун төрагасынын сунушу боюнча ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Жергиликтүү соттордун аппаратынын тейлөөчү персоналынын ишин уюштуруу, анын ичинде жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу маселелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

3. (КР 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын кызматкерлеринин чектелген саны, алардын түзүмү жана штаттык саны Судьялар кеңешинин макулдугу менен, жергиликтүү соттордун төрагаларынын сунуштамасы боюнча, чыгымдар сметасынын чектеринде ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси тарабынан белгиленет.

5. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

6. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7. Жергиликтүү соттордун аппараттарынын иши ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилүүчү жергиликтүү соттун аппараты жөнүндөгү бирдиктүү Жобо менен жөнгө салынат.

8. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

(КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2016-жылдын 23-декабрындагы № 217 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-40)
