# 37-берене. Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун ишин финансылык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: IV БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.05.2019 [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911); 13.06.2011 [Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203283); 07.05.2007 [Закон КР от 7 мая 2007 года №69 «О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах»](https://aqlex.ai/kg/doc/202102)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111204..1111205>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 37-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-37

---

1. Мамлекет Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун иштеши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат.

2. Жогорку соту кезектеги финансы жылына Жогорку сотун каржылоого тиешелүү бөлүгү боюнча бюджеттин долбоорун иштеп чыгат.

3. Ыйгарым укуктуу орган кезектеги финансы жылына жергиликтүү соттордун ар биринин табыштамалары боюнча бюджеттин долбоорун иштеп чыгат.

4. Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун бюджеттеринин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу үчүн Судьялар кеңешине жөнөтүлөт.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Судьялар кеңешинин сунушуна өзгөртүү киргизбестен республикалык бюджеттин долбооруна кошот жана пикир келишпестиктер келип чыккан учурда өзүнүн корутундусун тиркейт.

6. Жогорку сотун жана жергиликтүү сотторун каржылоонун мыйзамда каралган бюджеттик каражаттарынын өлчөмүн кезектеги финансы жылында азайтууга жол берилбейт.

7. Судьялар кеңешинин төрагасы Жогорку Кеңешинде республикалык бюджеттин долбоорун талкуулоого тикелей катышат.

8. Кыргыз Республикасынын соттору республикалык бюджетте каралган акча каражаттарын өзалдынча тескешет.

9. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-36-2)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-38)
