# 36-берене. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111198..1111199>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 36-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-36

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) сот иштерин карайт;

2) судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, иштерди жана соттук материалдарды өз алдынча бөлүштүрөт;

3) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;

4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды киргизет:

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө;

- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;

- соттук аткаруучуларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

5) сот статистикасын жүргүзүүнү уюштурат;

6) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7) соттун кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

8) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

81) судьялардын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;

82) тергөө судьясынын ыйгарым укуктарын аткарууну бир жылдык мөөнөткө чейин ушул эле соттун башка судьясына жүктөйт;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Соттун төрагасы болбогондо төраганын милдеттерин аткаруу анын тапшыруусу боюнча ушул эле соттун башка судьясына жүктөлөт, ал эми андай тапшырма берүү мүмкүн болбогондо, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын судьялардын бирине жүктөө жөнүндө чечимди судьялардын чогулушу кабыл алат.

3. Эки судьядан турган биринчи инстанциядагы сотто төраганын милдеттерин аткаруу ал болбогон бардык учурларда берки судьяга жүктөлөт.

4. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. (КР 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-35)  
Кийинки берене: [36-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-36-1)
