36-2-берене. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасын шайлоо тартиби
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
1. Биринчи инстанциядагы соттун судьяларынын чогулушу (мындан ары - судьялардын чогулушу) өз курамынан соттун төрагасын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.
Бир эле судья ошол эле соттун төрагасы болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.
2. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасын шайлоо, бошотуу же ыйгарым укуктарын токтотуу, тиешелүүлүгүнө жараша ушул Мыйзамдын 19-1 жана 19-2-беренелеринде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.
3. Биринчи инстанциядагы соттун төрагасы ушул Мыйзамда каралган эрежелер боюнча шайланбай калган учурда, соттун төрагасынын кызмат орду судьялык жумушта көбүрөөк стажы бар судья тарабынан айкалыштырылат.
(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
36-2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1279/st-36-2" title="36-2-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>