# 32-берене. Экинчи инстанциядагы соттун соттук коллегиясынын төрагасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111198..1111199>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 32-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-32

---

1. Соттук коллегиянын төрагасы - экинчи инстанциядагы соттун төрагасынын орун басары судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:

1) соттук коллегиянын сот жыйналыштарында төрагалык кылат;

2) милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык соттук коллегиянын жана соттун аппаратынын ишине жетекчилик кылат;

3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, соттун төрагасынын тапшырмасы боюнча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;

4) жарандарды кабыл алат жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;

5) соттук коллегиянын иши жөнүндө маалымат берет;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Соттун төрагасы жок кезде соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын анын тапшыруусу боюнча төраганын орун басарларынын бири жүзөгө ашырат, ал эми мындай тапшырманы берүүгө мүмкүн болбогон учурда, соттун төрагасынын ыйгарым укуктарын төраганын орун басарларынын бирине жүктөө жөнүндө чечимди соттун судьяларынын чогулушу кабыл алат.

(КР 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-31)  
Кийинки берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-321)
