# 32-2-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоонун жана бошотуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-32-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 32-2-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-32-2

---

1. Экинчи инстанциядагы соттун судьялары өз курамынын ичинен төраганы, төраганын орун басарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле судья ошол эле сотто соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.

2. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо, бошотуу же ыйгарым укуктарын токтотуу тиешелүүлүгүнө жараша, ушул Мыйзамдын 19-1 жана 19-2-беренелеринде белгиленген эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-321)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-33)
