Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-берене. Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2017 года № 149
Экинчи инстанциядагы соттун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:
1) төраганын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
2) зарыл болгондо соттук коллегиялардын соттук жыйналыштарына төрагалык кылат;
3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;
4) соттун аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат, ыйгарым укуктуу органдын жетекчисине төмөнкү сунуштарды берет:
- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчысын дайындоо жана бошотуу жөнүндө;
- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө;
- соттун аппаратынын мамлекеттик кызматчыларына карата сыйлоо жана тартиптик жазалоо чараларын көрүү жөнүндө;"
5) судьялардын жана соттун аппаратынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;
6) сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо боюнча ишти уюштурат;
7) жарандарды кабыл алуу жана сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча соттун ишин уюштурат;
8) мамлекеттик жана дагы башка органдар жана уюмдар менен мамилелерде соттун өкүлү болот;
9) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)
9-1) ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүн болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;
92) экинчи жана биринчи инстанциялардагы соттордун судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июня 2008 года № 134 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 июля 2004 года № 85 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
28.07.2017 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мүмкүн болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;
кошулду: 92) экинчи жана биринчи инстанциялардагы соттордун судьяларынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык … № 85, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № алынып салынды: 39 кошулду: 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 23.06.2008 · № 134 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1279/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>