# 3-берене. Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111198..1111199>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 3-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-3

---

1. Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жарандык, жазык, администрациялык, экономикалык жана мыйзамда каралган дагы башка иштер боюнча сот адилеттигин жүзөгө ашырган соттордун бирдиктүү тутумун түзөт.

2. Бул тутумдун биримдиги:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, процесстик жана башка мыйзамдар менен белгиленген сот адилеттигинин жалпы жана бирдей принциптери менен;

2) мыйзамдарда белгиленген сот өндүрүшү түрүндө сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен;

3) соттордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерин колдонушу менен;

4) судьялардын статусунун бирдиктүүлүгүн мыйзам түрүндө бекемдөө менен;

5) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарылышы милдеттүү болуп сакталышы менен;

6) сотторду республикалык бюджеттен каржылоо менен камсыз кылынат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-4)
