# 242-берене. Сот адилеттигинин жогорку мектеби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 августа 2016 года № 165 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об органах судейского самоуправления")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111444)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111201..1111202>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 242-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-242

---

1. Сот адилеттигинин жогорку мектеби Жогорку соттун алдында иштейт жана өз ишин Конституцияга, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, ушул Мыйзамга, ошондой эле сот тутумунун ишин жөнгө салуучу мыйзамдарга, Судьялар кеңешинин макулдугу менен Жогорку соттун төрагасы тарабынан бекитилген уставга ылайык жүзөгө ашырат.

Сот адилеттигинин жогорку мектебине жогорку кесиптик билим берүү жөнүндө мыйзамдар жайылтылбайт.

2. Сот адилеттигинин жогорку мектеби судьялардын, соттордун аппараттарынын жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди тестирлөө жүргүзүүнү уюштурууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу процессинин сапатын контролдоо Судьялар кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат. (КР 2016-жылдын 5-августундагы № 165 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [241-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-241)  
Кийинки берене: [24-3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-24-3)
