20-берене. Жогорку Сотунун төрагасы
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы · II БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39
Жогорку Сотунун төрагасы судья болуп саналат жана судьянын милдеттерин аткаруу менен катар:
1) Жогорку Сотунун ишин уюштурат, төраганын орун басарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
2) Жогорку Сотунун соттук коллегияларында, соттук жыйналыштарында жана Пленумунда төрагалык кылууга укуктуу;
3) соттук курамдарды түзүү жана судьялардын ортосунда иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрүү боюнча автоматташтырылган тутумдун иштешин камсыз кылат, ал эми автоматташтырылган тутум техникалык жактан оң эмес болгон учурда, өз алдынча соттук курамдарды түзөт жана иштерди жана соттук материалдарды бөлүштүрөт;
4) соттук тажрыйбаны жалпылоо үчүн сот иштерин суратып алууга укуктуу;
5) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)
6) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)
7) зарыл учурларда Жогорку Сотунун бир соттук коллегияларынын судьяларын башка соттук коллегиялардын курамындагы иштерди кароого тартат;
71) зарыл болгон учурда жергиликтүү сотто ушул соттогу судьянын милдеттерин аткарууну 6 айдан ашпаган мөөнөткө башка бир соттун судьясына жүктөшү мүмкүн;
8) Жогорку Сотунун уюштуруу маселелери боюнча иш планын бекитет;
9) Жогорку Сотунун аппаратына жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;
10) Жогорку соттун судьялар чогулушунун макулдугу менен Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордуна дайындайт;
10-1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Жогорку соттун аппарат жетекчисин кызмат ордунан бошотот;
11) Жогорку Сотунда жана жергиликтүү соттордо иш кагаздарын жүргүзүү боюнча нускоону, Жогорку Сотунун аппараты жөнүндө Жобону бекитет;
12) белгиленген тартипте эл аралык байланыштарды жүзөгө ашырат, мамлекеттик, коомдук, эл аралык жана башка уюмдар менен болгон мамилелерде Жогорку Сотунун жана жергиликтүү соттордун өкүлү болот;
13) Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын ишин координациялайт;
13-1) материалдарды Жогорку соттун Пленумунун кароосуна киргизет; 13-2) Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамын бекитүү үчүн Жогорку соттун Пленумуна сунуштайт; 13-3) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун алдындагы жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн; 13-4) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот. Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жетекчиси анын жылдык отчетун кароонун жыйынтыктары боюнча, Судьялар кеңешинин сунуштамасы боюнча кызмат ордунан бошотулушу мүмкүн; 13-5) ишти экинчи инстанциядагы сотто кароо мүмкүнчүлүгү болбогон учурда, ишти ошол эле деңгээлдеги башка сотко берет;
136) Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьясынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата сунуштама менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;
137) Судьялар кеңешинин макулдугу менен аткаруу документтеринин аткарылышын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
14) Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана жергиликтүү соттордун ишин уюштуруу маселелери боюнча буйруктарды чыгарат;
15) жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт;
16) мыйзамдарга жана Жогорку Сотунун Регламентине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР 2004-жылдын 10-июлундагы № 85, 2006-жылдын 7-июлундагы № 105, 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июня 2008 года № 134 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 мая 2007 года №69 «О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 июля 2006 года № 105 "О внесении изменений и дополнения в Законы Кыргызской Республики "О порядке аттестации судей местных судов Кыргызской Республики" и "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 июля 2004 года № 85 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"Редакцияларды салыштыруу
11.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Жогорку Сотунун соттук коллегияларында, соттук жыйналыштарында жана алынып салынды: пленумунда кошулду: Пленумунда төрагалык кылууга укуктуу;
3) соттук курамдарды түзүү жана … башка соттук коллегиялардын курамындагы иштерди кароого тартат;
кошулду: 71) зарыл болгон учурда жергиликтүү сотто ушул соттогу судьянын милдеттерин аткарууну 6 айдан ашпаган мөөнөткө башка бир соттун судьясына жүктөшү мүмкүн;
8) Жогорку Сотунун уюштуруу маселелери боюнча иш планын бекитет;
9) … ишин координациялайт;
13-1) материалдарды Жогорку соттун алынып салынды: пленумунун кошулду: Пленумунун кароосуна киргизет;
13-2) Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультативдик кеңештин курамын бекитүү үчүн Жогорку соттун алынып салынды: пленумуна кошулду: Пленумуна сунуштайт;
13-3) Судьялар кеңешинин макулдугу менен, Жогорку соттун … менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына кайрылат;
кошулду: 137) Судьялар кеңешинин макулдугу менен аткаруу документтеринин аткарылышын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
14) Кыргыз Республикасынын судьяларынын жана жергиликтүү соттордун … № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2017-жылдын 28-июлундагы № алынып салынды: 149 кошулду: 149, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 23.06.2008 · № 134 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралууЗакон · 13.06.2011 · № 39 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1279/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>