# 191-берене. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 191-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-191

---

1. Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басарлары өз курамынан, Жогорку соттун судьяларынын чогулушу тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланат.

Бир эле адам Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басары болуп эки мөөнөткө катары менен шайлана албайт.

2. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо боюнча судьялар чогулушу Жогорку соттун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экиден кем эмеси болгондо ыйгарым укуктуу болуп эсептелет.

Жогорку соттун судьясы добуш берүүдө калыс калууга укуксуз.

3. Судьялардын чогулушуна катышкандардын санынын көпчүлүгү добуш берген судья тиешелүү кызмат ордуна шайланган болуп эсептелет.

Добуш берүүнүн тартиби Жогорку соттун Регламентинде аныкталат. (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Көңүл буруңуздар! Бул берененин жобосу Жогорку соттун курамын 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык түзгөн күндөн тартып күчүнө кирет (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын 2-берененин 2-абзацын караңыз)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-19)  
Кийинки берене: [19-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-19-2)
