# 19-2-берене. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу үчүн негиздер жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-19-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 19-2-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-19-2

---

1. Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун басарлары өз кызмат орундарынан өз каалоолору боюнча бошотулат.

2. Жогорку соттун төрагасынын, төраганын орун басарларынын ыйгарым укуктары, алар шайланган мөөнөт аяктаган учурда, кызмат орундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулганда, Жогорку соттун судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулганда токтотулат.

3. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлоо, бошотуу же алардын ыйгарым укуктарын токтотуу судьялар чогулушунун чечими менен жол-жоболонот.

4. Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын кызмат орундарынан бошотуу же алардын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн ушул берененин 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер толук жетиштүү болуп саналат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Көңүл буруңуздар! Бул берененин жобосу Жогорку соттун курамын 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Конституциянын талаптарына ылайык түзгөн күндөн тартып күчүнө кирет (КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын 2-берененин 2-абзацын караңыз)

---

Мурунку берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-191)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-20)
