# 15-берене. Жогорку Сотунун Пленуму

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: II БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.04.2020 [Закон КР от 11 апреля 2020 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Административно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах", "Об утверждении структуры местных судов и штатной численности судей местных судов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112041); 30.07.2016 [Закон КР от 30 июля 2016 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111434); 13.06.2011 [Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203283); 23.06.2008 [Закон КР от 23 июня 2008 года № 134 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202345); 07.05.2007 [Закон КР от 7 мая 2007 года №69 «О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах»](https://aqlex.ai/kg/doc/202102)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111205..1111206>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 15-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-15

---

1. Жогорку Сотунун Пленуму Жогорку Сотунун төрагасынан, Жогорку Сотунун төрагасынын орун басарларынан жана судьяларынан турат.

2. Жогорку Сотунун Пленуму:

1) сот тажрыйбасын жана жалпылоо материалдарын карайт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет;

2) жергиликтүү соттордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуусу боюнча материалдарды карайт;

3) адистешүүнү эске алуу менен, соттук коллегиялардын жекече курамын шайлайт;

Караңыз: Жашырын добуш берүүнү өткөрүү тартиби (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2003-жылдын 2-августундагы № 8 токтому менен бекитилген); Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегияларынын төрагаларын жана соттук коллегияларынын жеке курамын шайлоо жөнүндө КР Жогорку Сотунун пленумунун токтому

4) Жогорку Сотунун төрагасынын сунуштамасы боюнча, ошондой эле ал жөнүндө жобону бекитет Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы илимий-консультациялык кеңештин курамын шайлайт;

5) Жогорку Сотунун судьяларынын ичинен Жогорку соттун төрагасынын сунуштамасы боюнча Жогорку Сотунун Пленумунун катчысын шайлайт;

6) (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 23-июнундагы № 134 Мыйзамынын редакциясына ылайык алып салынды)

7) Жогорку Сотунун ички ишинин маселелери боюнча Жогорку Сотунун Регламентин кабыл алат;

8) соттук коллегиянын иши жөнүндө Жогорку Сотунун соттук коллегияларынын төрагаларын угат;

9) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын билдирүүсүн угат;

10) сотторду уюштуруунун жана иштеринин башка маселелерин карайт;

11) судьяларга илимий негизделген жүк ченемдерин бекитет.

3. Жогорку Сотунун Пленуму Жогорку Сотунун төрагасы тарабынан зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу чакырылат.

4. Жогорку сотунун Пленумунун жыйналыштары Жогорку сотунун судьяларынын курамынын кеминде үчтөн экиси бар болгон учурда укуктуу.

5. Жогорку Сотунун Пленуму өзүнүн жыйналыштарында жалпы курамдын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү менен токтом кабыл алат.

Жогорку соттун Пленумунун токтому Кыргыз Республикасынын соттору үчүн милдеттүү болуп саналат. Сот тажрыйбасын иликтөө жана жалпылоо материалдарын кароонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча сот тажрыйбасынын маселелери боюнча алуучу түшүндүрмөлөрдү берүүнүн тартиби Жогорку соттун регламентинде аныкталат.

6. Жогорку Сотунун Пленумунун токтомдоруна Жогорку Сотунун төрагасы (же төрагалык кылуучу) жана Жогорку Сотунун Пленумунун катчысы кол коет.

7. Жогорку соттун Пленумунун жыйналыштарына Конституциялык палатанын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана Кыргыз Республикасынын юстиция министри катышууга укуктуу.

8. Жогорку соттун төрагасы Жогорку соттун Пленумунун жыйналышына жергиликтүү соттордун судьяларын, Жогорку соттун алдындагы Илимий-консультациялык кеңештин мүчөлөрүн жана башка адамдарды чакыра алат.

(КР 2007-жылдын 7-майындагы № 69, 2008-жылдын 23-июнундагы № 134, 2011-жылдын 13-июнундагы № 39, 2016-жылдын 30-июлундагы № 154, 2020-жылдын 11-апрелиндеги № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-16)
