# 1-берене. Кыргыз Республикасында сот адилеттигинин жүзөгө ашырылышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1279)
- Документтеги орду: I БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-июлундагы № 153 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 134 "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112315)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 июня 2011 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Верховном суде Кыргызской Республики и местных судах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203283)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279#diff=1111198..1111199>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1225/edition/1111192/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1279/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө, 1-берене (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-1

---

1. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасында сот тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин жүргүзүүгө катышууга укуктуу.

2. Сот адилеттиги Кыргыз Республикасынын атынан жүзөгө ашырышат жана адамдын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле жарандардын жана юридикалык жактардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылууга багытталган.

3. Кыргыз Республикасында мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

4. Өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1279/st-2)
