# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 591
- Кабыл алынган күнү: 18.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12789>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2561/edition/918156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12789.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-декабрындагы № 591 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу" токтому (18.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12789

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-декабры № 591 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КАЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө тиркелген меморандум бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркия тарапты Кыргыз Республикасы аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн керек болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу кабарласын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аталган Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
