Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 18-декабры № 591 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду бекитүү тууралуу
Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КАЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Бишкек шаарында 2018-жылдын 1-сентябрында кол коюлган Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө тиркелген меморандум бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Түркия тарапты Кыргыз Республикасы аталган Меморандумдун күчүнө кириши үчүн керек болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаргандыгы тууралуу кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги аталган Меморандумду ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон