# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595 "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын гидротехникалык курулмалар комплекси менен эксплуатациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595 "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын гидротехникалык курулмалар комплекси менен эксплуатациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 595
- Кабыл алынган күнү: 20.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12782>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2557/edition/1110001/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12782.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 595 "Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын гидротехникалык курулмалар комплекси менен эксплуатациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12782

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-декабры № 595 Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын гидротехникалык курулмалар комплекси менен эксплуатациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомунун редакциясына ылайык) Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын тиешелүү түрдө эксплуатациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-июлундагы № 414 "Мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун экинчи абзацы "жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын" деген сөздөрдөн кийин ", ушул токтомдун 2 жана 2-пункттарында аталган учурларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:

"2-1. Ушул токтомдун 1-пунктунун иш-аракети Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын эксплуатациялоо үчүн башкармалык түзүү бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине жайылтылбайт.".

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
