# 6-статья. Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлө мүчөлөрүн камсыз кылуунун жана тейлөөнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1278)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111909)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.05.2019 [Закон КР от 15 мая 2019 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111909); 11.10.2013 [Закон КР от 11 октября 2013 года № 190 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/205050)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278#diff=1243693..1243694>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1224/edition/1243691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1278/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө, 6-статья (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-6

---

Бул кызматка шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматта турган мезгилинде Кыргыз Республикасынын аймагындагы резиденциялар, республиканын борборундагы кызматтык квартира (турак үй), мамлекеттик дача менен камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Президенти атайын максаттагы автомобиль транспорту, атайын жабдылган самолеттор жана вертолеттор, ошондой эле атайын жабдылган дагы башка транспорт каражаттары жана байланыш каражаттары менен камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн күзөт, турак жай, транспорттук, медициналык, санаторийлик-курорттук жана ушул Мыйзамда каралган башка тейлөөлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан камсыз кылынат. (Бөлүк КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Туракжайды, транспорт каражаттарын жана байланыш каражаттарын күтүү, пайдалануу (ижаралоо) боюнча бардык чыгымдар мамлекеттин эсебинен жабылат. (КР 2013-жылдын 11-октябрындагы № 190, 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-7)
