# 4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысын жана аброюн коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1278)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278#diff=1243693..1243694>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1224/edition/1243691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1278/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө, 4-статья (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-4

---

Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин коргоосу астында болот. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысы жана аброю мыйзам менен корголот. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысын жана аброюн жаманатты кылган маалыматтар таратылган учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз Республикасынын Президентинин макулдугу жана моралдык зыяндын суммасын алдын ала макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан анын арнамысын жана аброюн коргоо үчүн сотко кайрылууга милдеттүү. Мында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдуу өкүлү болуп таанылат, ал процесстик мыйзамдарда каралган доочунун, жоопкердин, жапа тартуучунун бардык укуктарынан, анын ичинде өз ыйгарым укуктарын башка жактарга өткөрүп берүү укугунан пайдаланат жана ишти сотто алып барууга анын ыйгарым укуктары атайын күбөлүктү (ишенимкатты) талап кылбайт. (КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы N 07-р чечими II Глава Кыргыз Республикасынын Президентин мамлекеттик камсыз кылуу, тейлөө жана кайтаруу

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-5)
