4-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысын жана аброюн коргоо
Күчүндө · 24.04.2026 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттин коргоосу астында болот. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысы жана аброю мыйзам менен корголот. Кыргыз Республикасынын Президентинин арнамысын жана аброюн жаманатты кылган маалыматтар таратылган учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз Республикасынын Президентинин макулдугу жана моралдык зыяндын суммасын алдын ала макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан анын арнамысын жана аброюн коргоо үчүн сотко кайрылууга милдеттүү. Мында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кыргыз Республикасынын Президентинин мыйзамдуу өкүлү болуп таанылат, ал процесстик мыйзамдарда каралган доочунун, жоопкердин, жапа тартуучунун бардык укуктарынан, анын ичинде өз ыйгарым укуктарын башка жактарга өткөрүп берүү укугунан пайдаланат жана ишти сотто алып барууга анын ыйгарым укуктары атайын күбөлүктү (ишенимкатты) талап кылбайт. (КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 17-октябрындагы N 07-р чечими II Глава Кыргыз Республикасынын Президентин мамлекеттик камсыз кылуу, тейлөө жана кайтаруу
Берененин тексти 24.04.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 15 мая 2019 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
15.05.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кылган маалыматтар таратылган учурда Кыргыз Республикасынын Башкы алынып салынды: прокурору, эгерде прокурордук башка чаралар зарыл болгон натыйжаларды бербесе, кошулду: прокурору Кыргыз Республикасынын Президентинин макулдугу жана моралдык зыяндын суммасын алдын ала макулдашуу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан анын арнамысын жана … анын ыйгарым укуктары атайын күбөлүктү (ишенимкатты) талап кылбайт.
кошулду: (КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын…
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1278/st-4" title="4-статья - Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>