# 3-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1278)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республикиот 6 апреля 2023 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики и статусе экс-президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112556)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2023 [Закон Кыргызской Республикиот 6 апреля 2023 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики и статусе экс-президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112556); 15.05.2019 [Закон КР от 15 мая 2019 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278#diff=1243694..1243695>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1224/edition/1243691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1278/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө, 3-статья (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-3

---

Кыргыз Республикасынын Президенти, аны кызматтан четтетүү учурун кошпогондо, кол тийбестик укугуна ээ. Эч бир адам, эч кандай мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестигине кол салуучу чараларды көрүүгө же аракеттерди жасоого укуксуз. Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле аны кызматтан четтетүү учурун кошпогондо, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын Президентинин кол тийбестиги ал ээлеген турак жана кызматтык жайларга, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивдерге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат. Кыргыз Республикасынын Президенти аны кызматтан четтеткенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айып коюу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынышы керек, ал Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жиберилет. Президенттин аракеттеринде кылмыштын белгилери бар экендиги жөнүндө Башкы прокурордун корутундусу менен ырасталган Жогорку Кеңеш тарабынан коюлган айыптоонун жана айып коюунун белгиленген тартиби сакталгандыгы жөнүндө Конституциялык соттун корутундусунун негизинде Президент кызматтан четтетилиши мүмкүн. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы айып коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелет. (КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-2)  
Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-4)
