# 14-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентин материалдык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1278)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республикиот 6 апреля 2023 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики и статусе экс-президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112556)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278#diff=1243694..1243695>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1224/edition/1243691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1278/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө, 14-статья (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-14

---

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген пенсиялык куракка жеткенге чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин бир айлык эмгек акысынын 75 пайызынын өлчөмүндөгү акчаны ай сайын алып туруу, ал эми пенсия курагына жеткенде - Кыргыз Республикасынын Президентинин бир айлык эмгек акысынын 75 пайызынын өлчөмүндөгү пенсия менен камсыз болуу укугуна ээ. Мында акчалай күтүүнүн (пенсиянын) өлчөмү Кыргыз Республикасынын Президентинин эмгек акысынын өсүшүн эске алуу менен жогорулатылат. Кыргыз Республикасынын экс-президенти пенсия курагына жеткенге чейин мамлекеттик органдагы же башка уюмдагы кызматка шайланган же дайындалган учурда ушул статьяда каралган акчалай күтүү акысын төлөп берүү ал кызматты ээлеген мезгилге карата токтотула турат, эгерде ал иштеп тапкан акы (киреше) ушул Мыйзам менен белгиленген акчалай күтүүдөн жогору болсо. Эгерде Кыргыз Республикасынын экс-президентинин жаңы иштеген жериндеги эмгек акысы (кирешеси) ушул статьяда каралган акчалай күтүүдөн төмөн болсо, анда ага белгиленген акчалай күтүү менен жаңы иштеген жеринде алган эмгек акысынын (кирешесинин) ортосундагы айырмачылык кошумча төлөнүп берилет. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген пенсия курагына жеткенде, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган пенсия ал башка иште (кызматта) иштеп тапкан эмгек акысына (кирешесине) карабастан, толук көлөмүндө төлөп берилет. (КР 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 80 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-15)
