# 13-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин укуктук, социалдык жана башка кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1278)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111909)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.05.2019 [Закон КР от 15 мая 2019 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111909); 09.04.2005 [Закон КР от 9 апреля 2005 года № 59 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/1654)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278#diff=1243693..1243694>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1224/edition/1243691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1278/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө, 13-статья (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-13

---

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде мамлекеттик күзөт жөнүндөгү мыйзамдарда каралган чаралардын толук көлөмүндө өмүр бою мамлекеттик кайтарууда болот. Кыргыз Республикасынын экс-президентине жака анын жубайына, багуусундагы жашы жетпеген балдарына Кыргыз Республикасынын Президенти катары өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон күнү аларга акысыз берилген медициналык тейлөө укугу сакталып калат. Кыргыз Республикасынын экс-президентине карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда, ушул статьяда каралган бардык кепилдиктер токтотулат. (КР 2005-жылдын 9-апрелиндеги N 59, 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-12)  
Кийинки берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-14)
