# 12-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1278)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2019 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278#diff=1243693..1243694>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1224/edition/1243691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1278/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө, 12-статья (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-12

---

Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьяда белгиленген чектерде кол тийбестикке ээ. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткарган мезгилинде жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн жазык жоопкерчилигине тартылышы, ошондой эле буга байланыштуу кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же болбосо жеке текшерүүгө дуушар кылынышы мүмкүн эмес. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин кол тийбестиги ал ээлеген турак жана кызматтык жайларга, ал пайдаланган транспорт каражаттарына, байланыш каражаттарына, ага таандык болгон архивдерге, башка мүлккө, документтерге, жүктөргө жана анын кат-кабарларына жайылтылат. Кыргыз Республикасынын экс-президенти Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылгандан кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктарын аткаруу мезгилинде Кыргыз Республикасынын экс-президентинин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун корутундусу менен бышыкталган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан коюлган өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы жөнүндө айыптоонун негизинде гана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратылышы мүмкүн. Аны статусунан ажыратуу үчүн Кыргыз Республикасынын экс-президентине каршы күнөө коюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринин кем эмесинин демилгеси боюнча жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусунан ажыратуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын экс-президентине каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылган болуп эсептелет. (КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-13)
