# 11-статья. Кыргыз Республикасынын экс-президенти

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1278)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республикиот 6 апреля 2023 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики и статусе экс-президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112556)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.04.2023 [Закон Кыргызской Республикиот 6 апреля 2023 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики и статусе экс-президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112556); 15.05.2019 [Закон КР от 15 мая 2019 года № 61 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111909)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278#diff=1243694..1243695>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1224/edition/1243691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1278/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө, 11-статья (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-11

---

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинде белгиленген тартипте кызматынан четтетилген учурларды кошпогондо, өзүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болот. Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наам өмүр бою сакталат. Кыргыз Республикасынын экс-президенти мамлекеттик бийлик органдарында саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө, ошондой эле саясий партиянын жетектөөчү органдарындагы кызмат орундарын ээлөөгө же болбосо саясий партиянын ишине башкача түрдө катышууга тийиш эмес. Кыргыз Республикасынын экс-президенти ушул статьянын 3-бөлүгүндө белгиленген чектөөлөрдү сактабаган учурда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун арызы боюнча Кыргыз Республикасынын экс-президентине ушул Мыйзамдын 13-17-статьяларында каралган бардык кепилдиктерди берүүнү, ошондой эле республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен материалдык жана башка камсыз кылууну токтотуу жөнүндө маселе сот тарабынан каралат. (КР 2019-жылдын 15-майындагы N 61, 2023-жылдын 6-апрелиндеги № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 24-октябрындагы N 12-р чечими

---

Мурунку берене: [10-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-10-3)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-12)
