# 102-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын кыймылсыз мүлк объекттерине карата укуктар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1278)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2026 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики и статусе экс-президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046478)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.04.2026 [Закон КР от 24 апреля 2026 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики и статусе экс-президента Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046478); 11.10.2013 [Закон КР от 11 октября 2013 года № 190 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики «О гарантиях деятельности Президента Кыргызской Республики»](https://aqlex.ai/kg/doc/205050)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278#diff=1243695..53460>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1224/edition/1243691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1278/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө, 102-статья (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-102

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттик менчик болуп саналат жана мамлекеттен ажыратууга жана менчиктештирүүгө жатпайт. Мындай бөлүп берүүлөр калктын социалдык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жер мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүп берүүгө тыюу салынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мурда менчикке берилген кыймылсыз мүлк объекттеринин менчик ээлери аларды ээликтен ажыратууга же башкача түрдө аларды сатып алуу үчүн жактардын чектелбеген чөйрөсүнө сунуш кылууга, ошондой эле аларга ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө боюнча өзүнүн укугун өткөрүп берүүгө, күрөөгө коюуга жана аларды башка ыкмалар менен оордотууга укуксуз. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан сатылуучу кыймылсыз мүлк объекттерин менчик ээлери менен макулдашылган баа боюнча сатып алуунун өзгөчө укугуна ээ.

(КР 2013-жылдын 11-октябрындагы № 190, 2026-жылдын 24-апрелиндеги № 57 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-10-1)  
Кийинки берене: [10-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-10-3)
