# 10-3-статья. Өзүнө таандык болушу мүмкүн болбогон кыймылсыз мүлк объектине адамдын менчик укугунун токтотулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1278)
- Толук аталышы: КР 2003-жылдын 18-июлундагы № 152 "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 18.07.2003
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.04.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-10-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1224/edition/1243691/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө, 10-3-статья (24.04.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-10-3

---

Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын аймагында жайгашкан жана жарандык мыйзамдардын ченемдерине ылайык ага ээлик кылууга укугу жок адамдын менчигине таандык болуп калган кыймылсыз мүлк объекти ага менчик укугу пайда болгон учурдан тартып бир жылдын ичинде менчик ээси тарабынан өзүнүн ээлигинен ажыратылууга тийиш. Ээликтен ажыратуу ушул Мыйзамдын 10-2-статьясынын эрежесин сактоо менен жүргүзүлүшү керек. Кыймылсыз мүлк объекти ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттө менчик ээси тарабынан ээликтен ажыратылбаган учурларда, бул объект анын мүнөзүн жана арналышын эске алуу менен, кызыкдар мамлекеттик органдын арызы боюнча чыгарылган соттун чечими боюнча анын сот тарабынан аныкталган наркын мурдагы менчик ээсине төлөп берүү менен мамлекеттик менчикке өткөрүп берилүүгө жатат. Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объектин менчик ээсинен мажбурлап алып коюуга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте жол берилет. (КР 2013-жылдын 11-октябрындагы N 190 Мыйзамынын редакциясына ылайык) III Глава Кыргыз Республикасынын экс-президенти Караңыз: КР Президентинин 2011-жылдын 2-декабрындагы ПЖ N 4 "Кыргыз Республикасынын экс-президенти Р.И.Отунбаева жөнүндө" Жарлыгы

---

Мурунку берене: [102-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-102)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1278/st-11)
