# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 573
- Кабыл алынган күнү: 07.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12778>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2553/edition/916728/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12778.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-декабрындагы № 573 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12778

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 7-декабры № 573 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5 жана 16-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 "Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында: 37-пунктунун "Бир жумалык окуу жүктөмүнүн чеги" сабында:

- "6" графасындагы "29" деген цифралар "30" деген цифралар менен алмаштырылсын;

- "9" графасындагы "31" деген цифралар "30" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

- кийинки жылдарга жалпы билим берүүчү уюмдардын базистик окуу планын оптималдаштырууну жүргүзсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 18-декабрындагы N 103 жарыяланды

Премьер-министри

М. Абылгазиев
