# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-декабрындагы № 563 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-декабрындагы № 563 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 563
- Кабыл алынган күнү: 04.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12768>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2545/edition/916134/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12768.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-декабрындагы № 563 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө" токтому (04.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12768

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 4-декабры № 563 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө

"Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентинин катышуучуларынын ведомстволор аралык өз ара байланышта иштешүүсүнүн регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Долбоордун катышуучулары өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Регламенттин жоболорун жетекчиликке алышсын.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор өздөрүнүн актыларын ушул токтомго ылайык келтиришсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө, курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
