# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 "Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 "Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 564
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.09.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12760>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2542/edition/915844/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12760.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.09.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 564 "Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (06.09.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12760

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-декабры № 564 Фармакокөзөмөл системасын уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 546 токтомунун редакциясына ылайык)

"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 546 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Фармакокөзөмөл системасын уюштурууга талаптар Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин 2016-жылдын 3-ноябрындагы № 87 чечими менен бекитилген Фармакокөзөмөлдүн талаптагыдай практикасынын эрежелерине ылайык белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-апрелиндеги № 137 "Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Медициналык колдонуу үчүн дары-дармек каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентте:

- 14-главасынын 391-430-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган Техникалык регламенттин 9-17-тиркемелери күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
