# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 562
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12753>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2537/edition/1095999/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12753.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 3-декабрындагы № 562 "Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (06.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12753

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 3-декабры № 562 Агрардык илим чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 196 токтомунун редакциясына ылайык) Агрардык илимий-изилдөө институттарын натыйжалуу иштетүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин карамагына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:

- Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институтун, 51 бирдик штаттык саны жана 21 бирдик техникалык жана тейлөөчү персоналы, 2018-жылга тиешелүү бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен;

- Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институтун, 79 бирдик штаттык саны, 21 бирдик техникалык жана тейлөөчү персоналы, 2018-жылга тиешелүү бюджеттик каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы менен.

(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-апрелиндеги № 196 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 178 "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин уставында:

- I бөлүмүнүн 1.5-пунктунун жыйырманчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

- V бөлүмүнүн 5.1-пунктундагы ", өндүрүштүк" деген сөз алып салынсын;

- VI бөлүмүнүн 6.5-пунктунун он үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин түзүмүндө:

- "Мал чарбачылыгы жана жайыттар ИИИ; Дыйканчылык ИИИ; Нарын районундагы "Тянь-Шань" АТЗ; Жети-Өгүз районундагы "Оргочор" АТЗ; Кара-Суу районундагы "Катта Талдык" АТЗ; Кара-Буура районундагы М.Лущихин атындагы АТЗ; Кочкор районундагы "Кочкор" АТЖЗ; Нарын районундагы "Нарын" АТЖЗ; Талас районундагы "Талас" АТЖЗ; Ноокат районундагы "Көк Бел" АТЖЗ,; Пахта боюнча тажрыйба станциясы, Ош облусу; Ысык-Көл тажрыйба-селекциялык станциясы, Ысык-Көл облусу; "Жаңы-Пахта" үрөнчүлүк чарбасы, Чүй облусу; Бүргөндү таяныч пункуту, Баткен облусу; Кант кызылчасы боюнча тажрыйба селекциялык станциясы, Чүй облусу; Экспертименталдык чарба, Чүй облусу; Нарын тажрыйба станциясы, Нарын облусу" позициялар алып салынсын;

жогоруда аталган токтомдун "Илим-изилдөө институттарынын (тажрыйба-селекциялык станциялардын, эксперименталдык, үрөнчүлүк чарбалардын, асыл тукум заводдордун жана таяныч пункттардын) ведомстволук уюмдардын тизмеси жана алардын дареги, жайгашкан орду" тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 576 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жөнүндө жободо: 7-пунктунда:

- 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"агрардык илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-өндүрүштүк, илимий-изилдөөчү жана тажрыйбалык-конструктордук иштерди аткаруу боюнча мамлекеттик тапшырыкты камсыздоо;";

- 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:

- "дыйканчылык, ирригация, ветеринария, мал чарба жана жайыт жаатындагы илимий-инновациялык иштерди координациялайт, агрардык илимдин жетишкендиктерин айыл чарба өндүрүшүнө жайылтат;";

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин башкаруу схемасында:

- "К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети; Жайыт жана мал чарбасы илимий-изилдөө институту; Дыйканчылык боюнча илимий-изилдөө институту;" позициясы күчүн жоготту деп таанылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы позициялар менен толукталсын:

"Кыргыз дыйканчылык илимий-изилдөө институту; Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту"; "

";

- төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

"Эскертүү:

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
