# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 566 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 566 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 566
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12752>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2536/edition/1047007/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12752.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 6-декабрындагы № 566 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (05.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12752

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 6-декабры № 566 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттигинин ишин өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги жөнүндө жободо:

- 10-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо уюмдарынын (автомектептердин) уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан алардын ишин методикалык жактан камсыздайт жана мониторинг жүргүзөт;";

- 6-бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:

"14-1. Агенттикте 7 адамдын курамынан турган коллегия түзүлөт. Агенттиктин директору коллегиянын төрагасы болуп саналат. Агенттиктин коллегиясынын жеке курамын министр бекитет.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
