Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 „Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-ноябры № 555 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 "Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 686 "Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, электрондук эсептөөчү машиналар үчүн программаны же маалыматтар базасын расмий каттатуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Электрондук эсептөө машиналары же маалымат базалары үчүн программаларды расмий каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринде:
- 11-пунктунда:
он үчүнчү абзацында: "оптикалык дискте" деген сөздөр "электрондук сактагычта" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү сүйлөмү алып салынсын; он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде каттоого сунушталган ЭЭМ программасы аудиовидеоматериалдарды камтыса, анда ушундай материалдардын үлгүлөрү электрондук сактагычтарда берилиши мүмкүн.";
- 14-пунктунда:
биринчи абзацындагы "алты" деген сөз "эки" деген сөз менен алмаштырылсын; тогузунчу абзацындагы: "эки айдын" деген сөздөр "он беш күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын; төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын: "Өтүнмөнү кароонун мөөнөтү тиешелүү түрдө он беш күнгө узартылат.";
- жогоруда аталган Эрежелердин 1-тиркемесинин 10-пунктунда:
онунчу, он экинчи, он үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын: " £ электрондук сактагыч _________ даана.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-сентябрындагы №686 "Селекциялык жетишкендикке патент алуу үчүн арызды түзүүнүн, берүүнүн жана кароонун эрежесин, Электрондук эсептөөчү машиналар үчүн…Постановление · 27.10.2011 · № 686
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- О правовой охране программ для электронных вычислительных машин и баз данныхЗакон · 30.03.1998 · № 28 · Күчүн жоготкон