# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 554
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12738>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2525/edition/913590/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12738.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 554 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (23.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12738

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-ноябры № 554 Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын арттырган жогорку спорттук жетишкендиктерге дем берүү максатында, "Дене-тарбия жана спорт жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортчуларына берилүүчү стипендиялар жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик эл аралык комплекстүү спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүнө, байге ээлерине стипендия берүүнү тиешелүү жылга каралган каражаттардын чегинде жүргүзсүн.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-августундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 492 "Кыргыз Республикасынын алдыңкы спортсмендерине стипендиялар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 820 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
