# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 558
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12736>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2523/edition/913594/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12736.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 558 "Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө" токтому (23.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12736

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-ноябры № 558 Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июлундагы № 81 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 19-августундагы № 115 токтомун, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 17-сентябрындагы № 83 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2014-жылдын 15-октябрындагы № 589-б буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан № 502, 525, 837 жана 980 контурларындагы Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондусунда турган 15,1 га кайрак айдоо жерлери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;

- кезектүүлүккө ылайык жер участокторун максаттуу бөлүштүрүүнү катуу тартипте сактоону;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобонун ченемдерин сактоону.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д. Абылгазиев
