# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 540 "Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 540 "Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 540
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12725>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2515/edition/940658/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12725.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 540 "Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (19.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12725

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-ноябры № 540 Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Жаш жарандарды мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга тартуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мамлекеттик Жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
