Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 12-ноябры № 528 "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешов тарабынан демилгеленген "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
М. Абылгазиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-ноябрындагы № 528 токтому менен жактырылган
"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. "Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - Мыйзам) инвестицияларды тартууга, туризмди өнүктүрүүгө, жарандарына карата бир тараптуу тартипте визасыз режим киргизилип жаткан өлкөлөр менен эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу активдештирүүгө дем берүү максатында кабыл алынган. Мыйзам кабыл алынган мезгилден тартып Кыргыз Республикасынын туристтик тармагы өнүгүү тенденциясына ээ. 2012-жылдан тартып визасыз өлкөлөрдүн тизмесине кирген алыскы чет өлкөлөрдүн жарандарынын келүүсү боюнча төмөнкүдөй динамика байкалууда:
Жылы
45 өлкөдөн келген жарандардын саны
2012
66650
2013
57087
2014
86346
2015
74852
2016
87053
2017
99826
Өз кезегинде Мыйзамдын жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин чектөө Мыйзамды колдонуунун 8 жылынын жыйынтыгы боюнча визасыз режим тажрыйбасынын ийгилиги жөнүндө так түшүнүк алуу үчүн керек болгон. Мындан сырткары, электрондук визаны киргизүү аркылуу визалык режимди жөнөкөйлөтүү жаатындагы кайра өзгөртүүлөр менен катар экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүсү, экономикага болгон мультипликативдүү таасирин эсептөө, өлкөнүн туристтик жагымдуулугунун өзгөрүүсү, ошондой эле коопсуздук маселелери жагынан визасыз режимдин таасирин андан ары изилдөө зарылдыгы бар. Ушуга байланыштуу Мыйзамда белгиленген чектөө мөөнөтүн алып салбастан, Мыйзамдын мөөнөтүн 2025-жылдын 31-декабрына чейин алдын ала узартууну сунуштайбыз, бул өлкөнүн ачык виза саясатын колдонууга талдоо жүргүзүүнү улантууга мүмкүндүк берет. Мында чет өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргыз Республикасына келүүсүнүн он динамикасын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 87 токтомуна ылайык жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим жайылтылган жана ички дүң продукциясы калктын жан башына 7 миң АКШ долларынан ашкан төмөнкү өлкөлөрдү - Болгария Республикасын, Кипр Республикасын, Румыния Республикасын, Черногория Республикасын, Андорраны, Аргентинаны, Бразилияны, Сан-Маринону, Чили Республикасын. Оман Султанатын кошумча киргизүү менен жарандарына карата визасыз режим жайылтылган өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүүнү сунуштайбыз. Мындан сырткары, Мыйзамды ишке ашыруунун жүрүшүндө визасыз режим жайылтылган өлкөлөрдүн айрым жарандары Мыйзамдын максаттарын жана объекттерин бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында башка максаттарда узак мөөнөттүү негизде өлкөдөн чыгуу, кайра кирүү жана өлкөдө жүрүүнүн жалпы белгиленген 60 күн мөөнөтүн жокко чыгаруу жолу менен жүргөндүгү аныкталгандыгын белгилеп кетүү зарыл. Ушуга байланыштуу Мыйзамга өлкөдө жүрүү жагдайлары өзгөргөн учурда баштапкы визаны Кыргыз Республикасында алуу укугу менен жарандарга карата бир тараптуу тартипте визасыз режим жайылтылган өлкөлөрдүн жарандарынын Кыргыз Республикасына биринчи жолу келүү датасынан тартып 120 күндүн аралыгында жалпысынан 60 күн жүрүү мүмкүндүгүн жөнгө салуучу өзүнчө ченемди киргизүүнү кароону сунуштайбыз. Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамдын долбоорун баяндалган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндөЗакон · 21.07.2012 · № 121
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №87 "Жарандарына жөнөкөйлөтүлгөн визалык режим колдонулчу чет мамлекеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.02.2009 · № 87 · Күчүн жоготкон