Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-ноябры № 533 Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6 жана 12-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 370-б буйругун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунда турган № 921 жана 1122 контурларындагы, жалпы аянты 84,30 га кайрак айдоо жер жеке турак жайларды жана социалдык инфраструктура объектилерин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерге шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыксын жана бекитсин;
- жогорку вольттуу электр өткөргүч линияларын жылдыруу же куруу зарылчылыгы пайда болсо, жумуштарды каржылоонун булактарын жана тартибин аныктасын;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
М.Д. Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон