# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 534 "Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 534 "Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 534
- Кабыл алынган күнү: 19.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12710>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2502/edition/940620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12710.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 534 "Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (19.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12710

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 19-ноябры № 534 Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 98-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул дайындоо жана төлөө тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы:

- жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жаза өтөп жаткан жумушсуз аялдарга кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду дайындоону жана төлөөнү камсыз кылсын;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
