# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 514
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.11.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12692>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2490/edition/940566/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12692.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.11.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 514 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому (01.11.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12692

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-ноябры № 514 Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө

"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасында соттук эксперттердин компетенттүүлүгүн сертификациялоо системасын тартипке салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коопсуздук органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын көңүлгө алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүгүн сертификациялоо маселеси боюнча мамлекеттик эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жободо:

2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Эксперттик-квалификациялык комиссиялар (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын алдында түзүлөт жана иштейт.".

2. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын сот экспертинин компетенттүүлүк сертификатын берүүнүн, берүүдөн баш тартуунун, колдонулушун токтото туруунун, токтотуунун жана ажыратуунун тартиби жана шарттары жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Эксперттик-квалификациялык комиссия жөнүндө жобо, 2-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Сот эксперттеринин мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби, 3-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасындагы Соттук-эксперттик изилдөөлөрдүн методикаларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби, 4-тиркемеге ылайык.

3. 2019-жылдын 1-январынан тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 340 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

3) ушул токтомдун 1-пункту.

4. Ушул токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кире турган 2-пунктунан тышкары, расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
