# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 "Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 "Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 516
- Кабыл алынган күнү: 01.11.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.03.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12690>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2489/edition/940562/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12690.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-ноябрындагы № 516 "Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (28.03.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12690

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-мартындагы № 199 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 1-ноябры № 516 Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жол-жобосун оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 26 жана 39-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Балдарды багуу боюнча интернат тибиндеги балдар мекемелерин менчигинин формасына карабастан аккредитациялоо жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы № 140 "Турмуштук оор кырдаалда турган балдарга кызмат көрсөткөн субъектилерди аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги ушул токтомду ишке ашырууга зарыл болгон чараларды көрсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
