# КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-октябрындагы № 502 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-октябрындагы № 502 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 502
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12679>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2480/edition/940554/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12679.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-октябрындагы № 502 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (27.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12679

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 25-октябры № 502 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри" бирдиктүү электрондук маалыматтар базасында кыймылдуу мүлккө талап укугун каттоо жол-жоболорун жеңилдетүү максатында, "Кыргыз Республикасында жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 241-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 "Транспорт каражаттарын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пунктунун төртүнчү абзацы "мамлекеттик органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана кызмат адамдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамынын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүү укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын тизмегинде:

- аталышы "мамлекеттик органдарынын" деген сөздөрдөн кийин "жана кызмат адамдарынын" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын кызмат адамдары.";

- Эскертүүнүн 1-пункту:

төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасына ыкчам кирүүгө укуктуу болгон юстиция органдарынын кызмат адамдарынын чектелген тизмесин аныктайт жана катталган транспорт каражаттарынын жана айдоочулук курамдын электрондук маалыматтар базасында камтылган маалыматты коргоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздайт."; үчүнчү абзацы "органдарынын кызматкерлери" деген сөздөрдөн кийин "жана юстиция органдарынын кызмат адамдары" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

М.Д.Абылгазиев
