# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 500
- Кабыл алынган күнү: 23.10.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.07.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12676>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-2478/edition/940532/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12676.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.07.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-октябрындагы № 500 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (23.07.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12676

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2018-жылдын 23-октябры № 500 Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөө үчүн камсыздандыруу стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 25-июлундагы № 310 "Пенсия дайындоо үчүн эмгек стажын ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 7-ноябрындагы № 651 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун "з", "и" пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 2-июлундагы № 311 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 271 "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча пенсия чектөөдө эске алынуучу камсыздандыруу стажын эсепке алуунун, эсептөөнүн жана ырастоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 28-октябрындагы № 635 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

М. Абылгазиев
